Түндө кар жаайт. 3-январга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, эртең, 3-январда өлкө аймактарында күндүзү күн ачык болот. Ал эми түндө аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Маалымдалгандай, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз +4 … +9;

Талас облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз +1 … +6;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -2 … -7, күндүз +3 … +8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … +5;

Нарын облусунда түнкүсүн -15 … -20, күндүз -4 … -9;

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, түндө кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз +5 … +7 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан