Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

3-5-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалым болгондой, тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
"Күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка - Акташ автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт", - деп жазылат маалыматта.
️ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан