Бишкекте түн ичинде Манас-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыгынан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына байланышканыбызда билдирди.
Айтымдарында, кырсык 1-январда саат 23:00 чамасында орун алган. Анда Subaru Forester менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Fit такси кызматынын унаасы болгон. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жаракат алды. Алардын арасында үчөө жашы жете элек балдар, бирөө кош бойлуу келин болгон.
"Унаалар айып короосуна токтотулду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ЖКККББдан.
Буга чейин жол кырсыгынан жабыркагандар такталып жатканы маалымдалган болчу.