"Жабыркагандар такталууда". Бишкекте түндө жол кырсыгы катталды

Бишкекте түндө Манас-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, кырсык 1-январда саат 23:00 чамасында орун алган.

"Анда Subaru Forester үлгүсүндө унаа Манас-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Honda Fit унаасы менен сүзүшкөн. Учурда жабыркагандар такталууда", - деп билдиришти милициядан.

Мындан тышкары тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан