Биз социалдык тармакта

Өлкөдө фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка 2022-жылдын 30-декабрында маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.

Министрликтен билдиришкендей, 1-январдан тартып бардык маданий иш-чараларда вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылууга тийиш.

"Министрликке караштуу мамлекеттик бардык маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепкана) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын", - деп жазылган буйрукта.

Ошондой эле буйруктун аткарылышын маданият министри өз көзөмөлүнө алары маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Samatisaev
2023-01-02 20:18:00
Жакшы болуптур
+3
Samatisaev
2023-01-02 20:19:00
Таланттуулар иргелет экен да эми
+3
Кыял
2023-01-02 22:02:00
Эн туура, саны бар сапаты жок ырчылар кобойду. Ырдап жаткан ырын жатка билбейт. Эми ырдай турган ырын жаттап ,кичине мээнет кылып акча алышат экен. Чайылдаган ,жаздырып алып ырдагандар жок болот.
+3
XATSAN125
2023-01-03 02:09:00
Ото кооз жанылык болуптур.Анан тиги бир жакшына ырларды кыңшылап ырдагандарды дагы биротоло кыңшылатып коё турган кылыш керек
+1
XATSAN125
2023-01-03 02:11:00
Акыркы убакта 7милион кыргыздын 2,5 милиону жетелеме жетим сагалама анан дубана ырчы болуп кетти эле ошого окшогон дубана ырчылар жок болот экен да
+3
munduz2016
2023-01-03 09:14:00
Өтө сонун жаңылык.
+1
Antiradikal12
2023-01-04 14:19:00
Жакшысы жакшы го, бирок бул буйруктун иштоосун ишке ашыруучу кандай механизмдер бар? Баш ийбегендерге кандай чара корулот? Же баягы эле 3-5 мин сом айып пул салынабы?
+3
Antiradikal12
2023-01-04 14:20:00
Кайсы мекемеде фонограмма менен ырдоого жол берилсе, ошол мекеме 1 айга жабылууга тийиш, хоть филармония, спорт сарайы, тойкана-ресторандар болсун ж.б.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан