1-январдан тарта Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылуусун баштады. Маалымат КМШ Аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды.
Эскерте кетсек, бул жылы Кыргызстандын төрагалык кылары 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинде кабыл алынган.
Ал эми Орусия менен Казакстан тең төрагалык кылат.