2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгында Бажы кызматынан бюджетке 65 миллиард 600 миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 158,2 пайызга көп. Тагыраак айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 24 миллиард 200 миллион сомго көп каражат чогулду.
Жылдык план болжол менен 90,4 пайыз аткарылды.
2022-жылдын 11 айында бажы мыйзамдары боюнча укук бузуулар жана кылмыштардын 3 миң 482 фактысы катталды. Келтирилген зыяндын суммасы 482 миллион 600 миң сомду түзөт.