Өзбекстандагы митинг боюнча аталган өлкөнүн ИИМи билдирүү таратты.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары массалык митинг өтүп жатканын жазып, видео менен бөлүшүшкөн. Бул билдирүүлөр жана маалыматтар чындыкка дал келбей турганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, чогулгандар 31-декабрдагы майрамдык иш-чараларды көрүү үчүн келген жарандар.
"Майрамдан кийин алар үйлөрүнө тарап кетишти",- деп айтылат маалыматта.