Азамат Болгонбаев улуттук филармонияга жетекчи болобу? Министрлик жооп берди

Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору Осмонов Кыргызбай Арапбаевичтин кызмат ордуна Азамат Болгонбаев бара жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Филармониянын учурдагы жетекчиси Кыргызбай Осмонов иш ордунда экени айтылды.

Азамат Болгонбаев бүгүнкү күндө Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп эле иштеп жатат.

Министрлик коомчулукту жалган жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан