Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте баланын өлүмүнөн улам дарыгерлердин кармалышы боюнча үн катты. Министрлик билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.
"Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө биз аларга таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура алабыз. Буйурса жакынкы күндөрү алардын чыгышына ишенебиз жана үмүт артабыз", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик чарчап калган наристенин жакындарына көңүл айткан.
"Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө албай калышат, бирок бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайт. Бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндөгүлөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медиктерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.