"Алар үчүн жөн гана шылтоо". Жапаров Кемпир-Абад боюнча бийликтин чечими бардык жактан туура болду дейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек курду. Анда "Кемпир-Абад маселесине да токтолуп, бийликтин чечими бардык тараптан туура экенин белгилеген.

Анда журналист министрлер кабинетинин башчысына: "Акылбек Үсөнбекович, "Кемпир-Абад" маселеси коомчулукту чындап дүрбөлөңгө салды. Өлкөнүн саясий элитасы эки лагерге бөлүндү: айрымдары бул келишимге кескин түрдө каршы чыгышса, башкалары өлкө жетекчилигинин чечимин колдошту", - деген суроону берген.

"Трагедия" деген сөздүн түпкү мааниси эмнени түшүндүрөрүн билесизби? Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан баштап, табигый кырсыктарга чейин бул сөздү оңду-солду колдонуп көнүп калганбыз. Ошол эле учурда мен бул сөз байыркы грек адабиятынын бир жанры катары, карама-каршы тараптардын баары өз чындыгын туура көргөн жагдайды чагылдырганын тээ илгери окугам. Бул жагынан алганда, албетте, “Кемпир-Абад” боюнча келишим маселеси чындап эле көйгөйлүү болду. Жөнөкөй себеп - эки тарап тең бир максатты – Кыргызстандын жыргалчылыгын көздөйт. Бул алардын чындыгы. Бирок бул чындыктардын ар биринин натыйжасы ар кандай болушу мүмкүн. Бул учурда өлкө жетекчилигинин чындыгы өлкө үчүн пайдалуу болсо, ага каршы чыккандардын чындыгы күтүүсүз жана терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейм. Бирок мен бул эки полемикалуу тараптардан тышкары суу сактагыч маселесин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылган үчүнчү тараптар болгонун баса белгилеп кетким келет. Алар үчүн “Кемпир-Абад” жөн гана шылтоо - бийликке келүү үчүн өлкөдөгү кырдаалды солгундатуу", - деп жооп берген Акылбек Жапаров.

Журналисттин "Суу сактагыч боюнча бийликтин чечими туура деп эсептейсизби" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген:

"Албетте. Ал тактикалык жактан да, стратегиялык жактан да, тарыхый жактан да туура чечим. Көрөсүз го, убакыт баарын өз ордуна коёт. Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарбыздан баш тартпай мамлекетибизди бекемдөөдө абдан маанилүү кадам таштадык".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан