Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Бүгүн, 3-январда "Сосновка" өткөрүү бекетинде саат 15-00дөн баштап жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди. Мындай чечим аба ырайы жакшырганга чейин күчүндө боло турганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкек-Ош унаа жолунда бир нече күнгө созулган кар күрткүсүнөн улам жолдун 123-124-чакырымдарына тоонун боорунда кар топтолуп, жолду жаап салган.

Жерине тиешелүү кызматтын өкүлдөрү барып, карды тазалоо иштерин жүргүзүп, унаалардын жүрүшү үчүн шарт түзүп берген.

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан