Жапаров: “Садыр Жапаров саясий жек көрүүчүлүктөн, трайбализмден алыс адам болуп чыкты

"Садыр Жапаров саясий жек көрүүчүлүктөн, трайбализмден алыс адам болуп чыкты". Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Журналисттин "Сиз каалаган убакта, каалаган бийлик менен иштөөгө даярсызбы?", - деген суроосуна Жапаров мындай жооп берген:

"Мезгилдерди тандабайт, алардын ичинде жашайт жана өлөт" деген сөз бар экенин билесиз. Жигердүү адам, өзгөчө саясатчы жагымдуу учурду күтө албайт, алар эч качан келбеши мүмкүн, адам жакшы президент, жаман президент категориялар менен гана ойлонбойт. Тарыхтын кыймылы, өзгөчө сиз жашаган өлкө үчүн токтобойт. Шартка карабай бир нерсе кылыш керек, иштеш керек. Өлкө үчүн бир нерсе кылууга аракет кылыш керек. Ал эми тарых баарын таразалайт, өз ордуна коёт.

Бирок саясий процесстин экинчи тарабын да эстен чыгарбоо керек.

Бардык нерсе адамдан гана көз каранды эмес. Бул жагынан президентибизге ыраазычылык билдирем. Садыр Нургожоевич ар кандай саясий жек көрүүчүлүктөн, чынын айтканда коомубузга мүнөздүү болгон трайбализмден алыс адам болуп чыкты. Мисалы, фамилиябыз эле окшош болбосо, башка окшоштугубуз жок. Башка регион, башка партияларда жүргөнүбүзгө карабай, мага ишенип ал үчүн жана өлкө үчүн маанилүү болгон “Кумтөр” маселесин чечүүнү, кийин өкмөттү жетектөөнү президент мага тапшырды.

Бул чыныгы мамлекеттик кадам – адамды эмес, функцияны кароо.

- Акылбек Үсөнбекович, жогоруда айтылгандардын контекстинде сиз кандай гана оппоненттер болбосун иштешүүгө даярсыз?

- Билесизби, саясат чөйрөсүндө түбөлүк душмандар жана түбөлүк достор болбойт. Эмоциялар, жактыруулар, жактырбоо - саясатка байланыштуу эмес. Чоң саясат өлкөнүн абалын, анын бүгүнкүсүн жана келечегин, гүлдөп-өнүгүшүн же өнүкпөшүн аныктайт, ошондуктан саясатчы өзүнүн ишинде, иш-аракетинде, өлкөнүн алдында турган жогорку максаттардан башташ керек. Ал эми бул жерде адамдардын жеке жашоосунда, инсандар менен мамилелериндеги этикалык категориялар иштебей, көп учурда тескерисинче зыян келтирет. Макиавелли муну 16-кылымда майда-чүйдөсүнө чейин баяндап, биздин ата-бабаларыбыз болсо анын бүт китебин бир жазууга чегип, калтырган - "Ташта тамыр жок, ханда боор жок".

- Демек, сиз саясатта адамдык мамилеге ишенбейсизби?

- Мен ишенем. Бирок сиз “Чымындардын падышасы”, деген чыгарманы окудуңуз беле?

Ээн аралда калган балдар жөнүндө. Адамзат коомунун табиятын, бийликтин табиятын түшүнүп баштоо үчүн бул китепти окууну сунуштайм. Адамдын табияты абдан жакшы сүрөттөлгөн. Ар бирибизде кандай туңгуюктар катылган жана алар кандай жагымдуу шарттарда өзүн көрсөтө алат. Ошондуктан, алар пайда болбошу үчүн жөн гана тосмолорду куруу керек.

- Сизде дагы барбы?

- Маркс мындай деп жооп берген — Мага адамдык эч нерсе жат эмес.

- Анда адамзат жөнүндө, сизге бул дүйнөдө эмне жагат?

- Мен иштегенди, көйгөйлөрдү чечкенди жакшы көрөм, неберелеримди жана акылдуу адамдар менен сүйлөшүү жагат. Курч сөздөрдү жана оригиналдуу идеяларды баалайм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kg-04
2023-01-04 10:08:00
Сабыр Жапаровду копчулук эле колоду а сиз жонундо Антип айта албайм слишком хитрый политик экенсиз
-1
Antiradikal12
2023-01-04 14:10:00
Kg-04, пахта койгон кошоматчы, жугундукор. Сенин тубу кытай жана озбек аралаш Содиржонун менен лолу Комчижонуна эл алданып калды........... Озбекистанга сатылган саткындар булар, эл душманы!!!
+3
Kg-04
2023-01-04 10:35:00
Садыр Жапаровдун кемчилигин сурасанар кемчилигин Коро албай жатам демек жанагы эле откоол заман кургур бизде
+3
Baktiyar731
2023-01-04 11:11:00
"Ваше Превосходительство" репертуарын өзгөртпөйт экен да.
+2
Mashyrbek
2023-01-04 13:04:00
А. Жапаров негизи ото билимдуу экономист пайдаланып калыш керек
-2
Antiradikal12
2023-01-04 14:09:00
Mashyrbek, доорубочу кошоматчы анкоо! Бугунку бийликтегилер, айрыкча 2 доопарас менен Акылбек ууру, олкону талап тоногон кузгундар... Олко талкаланып жатканын корбогон мал!!!
+2
Antiradikal12
2023-01-04 14:12:00
Бийликте бут эле ууру, каракчы, рекет, аферисттер...... Мисалы Содир номер бир Аферист, Комчи номер бир доопарас, Эдичка номер бир пахтахор жана когуш, Акылбек номер бир ууру!!!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан