- Кайнене эмне үчүн келинден кынтык издей берет?
- Бул жаатта ар тараптуу кароо керек. Себептеринин бири - бул кызгануу. Апа баласынын чоңоюп уядан учуп чыкканын кабыл албай келет. Апа оюнда баласы аны менен өмүр бою калбашын түшүнөт, бирок жан дүйнөсүндө баласын жоготуудан коркот. Анткени бала канча жашта болсо да, эне үчүн бала бойдон кала берет.
- Кайнене менен пикир келишпей калуудагы келиндин кандай каталары болушу мүмкүн?
- Бардык учурда эле кайнене күнөөлүү боло бербейт. Эки кол бириксе үн чыгат. Көпчүлүк учурда кыздар турмушка чыгуусунун себеби - бул үйүндөгү маселелерден качып, турмушка чыгып бул маселелерден арылам деп ойлойт.
• Кайненеден көп нерсени күтүп алуу, башкача айтканда, өз кызындай көрүп, мени өзгөртпөй туруп кабыл алышат деген ой.
• Кайненесине жакын болдум деген ойдо күйөөсүнүн жакпаган адаттарын аны оңдоо максатында айтуу. Бул эне үчүн оор тиет. Анткени сиз канчалык туура сүйлөбөңүз апасы үчүн баласы идеалдуу болуп эсептелинет.
Апа баласын шартсыз сүйөт. Жакшыбы, жаманбы баары бир сүйөт. Бул жерде ар бир сөздүн чек арасына маани берүү керек.
• Кайненесин өзүнүн апасына салыштыруу.
- Кайнене келинди жакшы кабыл алуу үчүн келин кандай ыкма колдонушу керек?
- Эң оор жана эң негизги нерсе - бул өзүнчө жашоо керек. Эгерде баласы жоопкерчиликти өзүнө алып өзүнчө жашай алышын көрсөтө алса, көпчүлүк ата-энелер каршылык көрсөтпөйт. Ата-эне качан бактылуу болот? Ата-эне качан баласы бактылуу экенин көргөн убакта гана бактылуу болот. Ал эми эркекти ордунан тургузуу - бул аялынын колунда. Эгерде дем берип, эмоция берип турган болсо, эркек баарын кылууга даяр. Эгерде кайненеңиз менен чогуу бир үйдө жашаган болсоңуздар, эсиңизде болсун, бул жерде кожойке - кайнене. Сиз ал үйдөгү эрежелерге баш ийүүңүзгө туура келет. Эч качан кайненеңиз менен жарышпаңыз. Анткени кайнене - бул күйөөңүздүн апасы. Ар дайым күйөөңүздүн жүрөгүндө апасы үчүн орун бар. Канчалык сизге жакшы мамиле кылып сырын ачпасын, кайнене үчүн баласы сизден алдыда турат. Кайненеңизди көбүрөөк конокко чакырыңыз. Өзүңүз жеке. Ошондой эле майрамдарда белек берип көңүлүн алып туруңуз. Эгерде сиз чакырбасаңыз өзү эле айттырбай келет. Бирок бул жерде ортодон шамал өтүп калат. Кайненеңизден кеңеш сураңыз. Мисалы, баласы кандай тамак жакшы көрөрүн, баласына эмне жагарын. Кайненеңизден кантип кайнатаңыз менен таанышканын, жаш кезинде кандай балалык күндөрдү өткөргөнүн сураңыз. Анткени бул суроолор ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык алып келет.
- Биздин менталитетте бардык нерсени келин баш көтөрбөй жасаш керек деген түшүнүк бар. Негизи ушул туурабы?
- "Мисалы, мен үйлөндүм, аялым - менин тандоом. Аялым - менин жакшы көргөн балдарымдын апасы. Эгерде балдарымдын апасы эч ким эмес болсо, анда мен киммин? Мен да эч ким эмес турбаймынбы?" - деген түшүнүктүн негизинде эркек өзүнө жоопкерчиликтин баарын алуусу керек. Эгерде, кайнене, дегеле кайын-журт темасында өзгөрүүнү кааласаңар. Ар бир келин биринчи өзү өзгөрүшү керек, өзүнүн үстүнөн иштеп өзгөргөн соң аны көрүп күйөөсү өзгөрөт. Андан соң күйөөсү кайын-журт деген маселенин баарын ордуна коёт.
- Үйдө тынчтык болуш учун кайнене менен келиндин мамилеси кандай болушу керек?
- Үйдө кээде казан-аяк кагышат, ушул нерселердин бирин да үйдөгү адамдар ата-энесине жеткирбеши керек. Аз убакыт өтөрү менен жубайлар бири-бирин кечиресиңерт. Ал эми ата-эненин жүрөгүндө муз бойдон кала берет. Ал музду эритүү үчүн көп убакыт керектелет.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!