Борбор калаа Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда муниципалитеттен билдиришти.
"Учурда каттамда Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын 39 автобусу, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын 66 автобусу, "АламүдүнАвтоТранс МП" ишканасынын 3 автобусу, 118 троллейбус, Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын 333 кичи автобусу жана жеке жүргүнчү фирмалардын 542 кичи автобусу иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.