Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"4-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, "Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу" унаа жолунун 55-107- чакырымында, "Ала-Бука - Каныш-Кыя" унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу) "Красная-Горка - Акташ" унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жолдор тайгак болуп, муз тоңо турганын эскертти. Мындан сырткары унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экени айтылды.