Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кабарлангандай, Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда 3-январда саат 18:30дан тартып жүк ташуучу унааларга, 4-январда саат 11:20дан тартып мунай зат ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.

Азыркы учурда унаалардын бардык түрүнө жол ачык.

Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда күн бүркөк, кар, жаан жок экени айтылды. Унаалар эки тараптуу өтүп жатат.

"Жолго кум, шагыл себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ унаасы нөөмөттө турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан