Ата Мекендик согуштун Баткендеги эң акыркы ардагери Шамши Эшбаев дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун Баткен облусундагы эң акыркы ардагери Шамши Эшбаев дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Белигилүү болгондой, ардагер Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө жашачу. Ардагер 2022-жылы туура 100 жашка толгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-январда Орозбеков айылында өтөт.
Ардагер акыл-эсинин тактыгы, сүйлөгөн сөздөрүнүн маңыздуулугу менен жердештерин таң калтырып келген.
Шамши Эшбаев 1941-жылы аскерге чакырылып, 1942-жылы Воронеж шаарында согуш майданына кирип, Украина менен Беларусту, Минск, Бухарест, Будапешт, Вена жана Прага шаарларын бошотууга катышкан. Дзотко төшүн тоскон атактуу баатыр Чолпонбай Түлөбердиев менен бир шаарда душманга каршы салгылашкан. Улуу Жеңишти Австриянын Грац шаарында тосконун айткан жайы бар.
"Чолпонбай 1-ротада, мен 2-ротада элем. Ошол күнкү салгылашта 200 жоокердин көбү октон оор жарадар болуп бири колунан, бири бутунан ажырап оор абалда калганбыз. Ошондо Чолпонбай Дон дарыясынан сүзүп өтүп, дзотко көкүрөгүн тосуп, биздикилерге жол ачып берген", - деп эскерген жайы бар.
Ардегер Ата Мекендик согуштан келгенден кийин 55 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенген.
Шамши Эшбаев Баткен облусундагы көз тирүү жалгыз ардагер эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан