Бишкектеги канализациядан жаңы жылдык салаттардын калдыктары табылды

“Бишкексууканал” ишканасынын нөөмөттү бөлүмүнө акыркы күндөрү канализация түйүндөрүндө калдыктардын тыгылып калуусу боюнча маселе менен көп кайрылуулар түшүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, тоскоолдуктарды жоюуда жаңы жыл түнү желбей калган салаттар, жашылча-жемиштер жана башка катуу таштандылар чыгып жатат.

"Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору! Канализацияга катуу тиричилик жана тамак-аш калдыктарын төкпөңүздөр. Бул сөзсүз түрдө бүтөлүп калууга алып келет, анткени түйүндөр тиричилик суюк агындыларына ылайыкташкан", - деп билдиришти "Бишкексууканалдан".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан