Орусияда мигранттарга жасалма нике кыйдырбоо боюнча мыйзам даярдалды

Орусиянын Ички иштер министрлиги чет элдиктердин Орусияда жасалма нике аркылуу миграциялык статус алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине министрликтин өкүлү Ирина Волк билдирген.

Ал белгилегендей, азыр мыйзам ведомстволор аралык макулдашуу стадиясында турат. Анын айтымында, 2022-жылдын 11 айында Орусиянын Ички иштер министрлиги мурда Орус жараны менен никеге турган чет өлкөлүктөрдүн Орусиянын аймагында жашоого уруксатты жокко чыгаруу боюнча 400гө жакын токтом чыгарган.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Орусиянын жараны менен үч жылдан кем эмес никеде турса же үй-бүлөдө бала болсо, жөнөкөйлөтүлгөн түрдө Орусиянын жарандыгын алуу үчүн кайрыла алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан