
Кечээ, 4-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Мындан сырткары 70-80 чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 сантиметр кар күрткүлөр пайда болгондуктан унаа жолу убактылуу жабылган.
"Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында атайын посттор уюштурулду. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды", - деп билдиришти министрликтен.
Кошумча маалымат берилет.