Казакстандын Башкы прокурору Берик Асыловдун 2022-жылы январда Казакстандагы тополоңго Кыргыз жарандары катышканы тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрликтин билдиришинче, январь окуясына байланыштуу эки Кыргыз жараны сот жообуна тартылган. Алар өздөрүнө көз каранды болбогон жагдайлардан улам кокусунан өзүнчө эпизодго тартылып калган.
"Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын жоопкерчилиги жана күнөөсү далилденбегендигине өзгөчө көңүл бурулат. Казакстанда бир дагы Кыргызстандын жараны митингдерге, массалык баш-аламандыкка, талап-тоноолорго катышкан эмес", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Ошондой эле министрлик январь окуясы башталганда 600дөн ашуун кыргызстандыктар эвакуацияланганын кошумчалады.
Бүгүн, 5-январда Казакстандын Башкы прокурору Берик Асылов январдагы тополоңго Кыргызстандын дагы жарандары катышканын билдирген.