Бишкек шаарынын тургуну Сауле Балабекова орусиялык блогер Надин Серовски ойноткон BMW унаасын утуп алды.
Унааны утуп алуу үчүн блогерге жана анын инстаграмдагы досторуна катталуу керек болчу. Бул оюнга жалпы 202 миңден ашык колдонуучу катышып, анын ичинен Бишкектин тургуну жеңүүчү болуп табылды.
Блогер унаанын ээсин аныктагандан кийин ага телефон чалган. Кыз Бишкекте жашай турганын, 27 жашта экенин билдирди. Сауле Балабекова эми байгесин алуу үчүн Москвага барышы керек.
Белгилей кетсек, Надин Серовскидин инстаграмдагы баракчасында учурда 9 миллион 300 миңден ашуун катталуучусу бар.