Бүгүнтөн баштап Бишкекте троллейбус каттамы 2 айга токтотулат

Бишкектеги №9 троллейбус каттамы дээрлик 2 айга токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бул троллейбус каттамы канализациялык курулуш иштеринен улам токтотулат.
"Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсүн Красный көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.
Ошол себептен 2023-жылдын 6-январынан тарта 7-троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми №9 троллейбустук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2 айга созулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан