Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри Ооганстанда аскердик кызмат өтөп жүргөндө 25 кишини өлтүргөнүн моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен ар дайым канча душманды өлтүргөнүмдү так айта алам. Менин эсебим боюнча алардын саны 25", - деген ал.
Ошондой эле ал бул кылганына өкүнбөй тургандыгын билдирген.
Британ ханзаадасы Ооганстанда эки мөөнөт кызмат өтөгөн.