Жо Байден кайрадан Камала Харристи АКШнын президенти деп атады

АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн түштүк чек арасынын коопсуздугу тууралуу айтып жатып, вице-президент Камала Харристи жасаган иштери үчүн мактап, аны “президент” деп атады. Америкалык лидердин бул сөзү Ак үйдүн расмий YouTube каналында көрсөтүлдү.

"Президент Харрис мигранттар кетип жаткан өлкөлөрдөгү абалды жакшыртууга салымын кошту. Харристин кылган аракеттери Сальвадор, Гондурас жана Гватемалада жумуш орундарын түзүү үчүн жеке сектордон 3 миллиард доллардан ашык каражат чогултту", - деген Байден.

Бул 80 жаштагы Жо Байдендин биринчи жаңылганы эмес. Буга чейин ал бир нече жолу вице-президент Камала Харристи президент деп атаган. Ошондой эле орус лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен чаташтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан