Кар көчкү түшкөн Кара-Кулжа-Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусундагы кар көчкү түшкөн Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Унаа жолго кечээ, 5-январда көлөмү 1500 куб метр болгон кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп (50-90 см) унаа жолу убактылуу жабылган.
Аталган унаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.
Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа -Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан