Өзбекстанда катуу суук болору күтүлүүдө. Окуучулардын каникулу узартылды

Коңшу Өзбекстанда катуу суук болору күтүлүүдө жана мындан улам окуучулардын каникулу узартылды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда суук 10-январдан тартып башталат. Анда абанын температурасы -27 градуска чейин жетип, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындан улам мектеп окуучуларынын каникулу 17-январга чейин узартылды. Окуу 18-январда башталат.

Бишкекте дагы абанын температурасы кескин төмөндөп, 10-январдан кийин -18 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Allah Akbar
2023-01-06 22:04:00
Өзбекстанда болгон суук бизде деле болот тем боле аларга караганда бизде катуу болот
0
Ekb92
2023-01-07 01:14:00
2007 жылы болду эле, аккан суу тонуп калган эле, эсимен кетпейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан