Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын ЖЭБинин учурдагы иштөө режими менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, 5-январда маалымат менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы кампаларды жетиштүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо жана анын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Осмон Качкынбаев Бишкек шаарынын ЖЭБинин от казандары жана башка жабдуулары толук кандуу иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.
Учурда ЖЭБде 100,4 миң тонна көмүрдүн кору бар. Күнүмдүк керектөөсү 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө. ЖЭБге күнүнө жергиликтүү жана сырттан 7,0 миң тоннанын тегерегинде көмүр ташылып келүүдө.