Казакстанда кримтөбөл Дикий Армандын камактагы мөөнөтү узартылды

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалган, кылмыш чөйрөсүндө Дикий Арман деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 7-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Алматы соту 6-январда маалымдады.

37 жаштагы Арман Жумагелдиев былтыр 7-январда кармалган. Ага "Жапырт башаламандык уюштуруу", "Мыйзамсыз курал-жарак сактоо", "Уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана аны жетектөө" беренелери боюнча айыптар тагылган. Акыркы айыптоо тууралуу коомчулукка 2022-жылы сентябрдын аягында гана белгилүү болгон.

Жумагелдиев мындан тышкары Алматыдагы башаламандыктар маалында "көчөдө өтүп бараткан 24 адамды" уурдап кеткен деп айыпталган. Кримтөбөлдүн адвокаты ал бардык айыптарды четке кагып жатканын билдирген.

Казакстанда былтыр 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбаттап кетишине байланыштуу тынчтык митингдери башталган. Ал массалык башаламандыкка айланып, талап-тоноолор менен коштолгон.

Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши набыт болгон.

Кримтөбөл Дикий Арманды кармоо учуру:

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2023-01-07 16:55:00
Арман куйо бала
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан