Өлкөдө 11-январдан тарта өтө катуу суук болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
“Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбай, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз”, - деп айтылат билдирүүдө.