Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү быйыл дүйнөдө канчанчы орунда турары маалым болду

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 145 өлкөнүн ичинен 107-орунду ээледи. Бул тууралуу Global Firepower (GFP) аналитикалык борбору чыгарган дүйнө мамлекеттеринин армиясынын жаңыртылган рейтингинде жазылган.
Өткөн жылы Кыргызстандын армиясы ушул эле рейтингде 93-орунга чыккан болчу.
Аталган борбор өз талдоосунда 145 мамлекеттин армиясынын жоокерлеринин санын, аскердик техникасын, коргонуу тармагына бөлгөн каражатын салыштырган.
GFP сайтынын маалыматы боюнча, рейтингдин башында АКШ, Орусия жана Кытай турат. Армиясы күчтүү 10 мамлекеттин катарында Индия, Япония, Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан бар. Түркия 11-орунду ээлеген.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин Куралдуу күчтөрү боюнча алдыңкы орунду Өзбекстан (62-орун) ээлеген. Андан кийин 63-орунда Казакстан (өткөн жылы 64-орун болчу), 82-орунда Түркмөнстан (өткөн жылы 83-орун болчу), 107-орунда Кыргызстан жана 120-орунда Тажикстан (өткөн жылы 111-орунду ээлеген) турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2023-01-07 15:06:00
Туштук Кореяда жылыш бар Туркия артка карай кетиши мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан