АКШ Украинага дагы 3 миллиард долларлык курал-жарак берет

АКШ Украинага 3 миллиард долларга бааланган жардам пакетин жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каражаттын 682 миллион доллары украин аскерлерине берилген аскердик техниканын ордун толуктоо үчүн НАТОго мүчө өлкөлөргө тапшырылат.
Пентагондун маалыматы боюнча, жардам пакетинин ичинде RIM-7 Sea Sparrow зениттик ракеталары бар. Мындан сырткары, төмөнкүдөй аскердик жардам көрсөтүлөт:
- "Брэдли" аскердик техникасынан 50 даана;
- танканы талкалай турган 500 даана ракета 250 миң огу менен;
- MRAP чопкутталган унаадан 55 даана;
- М113 чопкутталган транспортерден (БТР) 100 даана;
- "Хаммер" жолтандабас унаасынан 138 даана;
- HIMARS комплекси үчүн М142 ракеталары;
- абадан коргонуу системалары;
- артиллериялык ракеталык комплекстер үчүн ар кандай ок-дарылар жана башка курал-жарактар.
"Ушуну менен АКШ Украинага 24,9 миллиард доллардан ашык суммага бааланган аскердик жардам көрсөттү", - деп айтылган Пентагондун билдирүүсүндө.
Украинанын президенти Володимир Зеленський аскердик жардамдын жаңы "рекорддук пакети" үчүн АКШга жана президент Жо Байденге ыраазычылык билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2023-01-09 09:42:00
Зеленский алгандын да бермейи бар дейт. Кантип кутулаар экенсиңер АКШдан орустарга бербеген жеринерди америкалык негрлерге берип кул болуп отпосоноор экен
+2
XATSAN125
2023-01-09 12:34:00
Ураинаны болбогонуна карабай эле европа зордуктап атат ме ме ал сен кучтуусун тиги бу деп.Негизи укранинанын таш талканы чыгып бутту аттан тушсон да ээрден тушпо болуп атат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан