Өзбекстанда аюу зоопарктын кызматкерине кол салды (видео)

Өзбекстанда зоопарктын кызматкери аюунун кол салуусунан улам каза тапты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, окуя Анжияндагы зоопаркта 3-январь күнү саат 16:00 чамасында орун алган.

Кызматкерлер жырткычка тамак берүү үчүн капаска кирген учурда, аюу капыстан зоопарктын кызматкерин кекиртектен алып, ал ошол жерден жан берген.

Аталган окуя боюнча милиция тергөө иштерин баштаганы жана соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылат.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2023-01-08 22:28:00
Бечеранын ажалы да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан