Иранда карате боюнча Дүйнө чемпиону дарга асылды

Иранда карате боюнча Дүйнө чемпиону жана машыктыруучу дарга асылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Карате боюнча Дүйнө чемпиону Мохаммад Мехди Карами менен балдар машыктыруучусу Сейед Мохаммад Хоссейни ишемби күнү эртең менен дарга асылган. Аларга акцияга катышкан жана 3-ноябрь күнү полиция кызматкерин өлтүргөн деген айып тагылган.

Муну менен 16-сентябрда полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин өлкөнү каптаган нааразычылык акцияларына байланыштуу өлүм жазасына тартылгандардын жалпы саны төрткө жетти.

Мохаммад Мехди Карами 22 жашта болсо, Сейед Мохаммад Хоссейни 39 жашта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан