Кожомкул балбандын Суусамырдагы музейинен сүрөт баян

Кыргыз, казак элине атагы чыккан алп балбан Каба уулу Кожомкул 1888-жылы (документтеринде 1889-жыл деп көрсөтүлгөн) Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Жоо-Жүрөк жайлоосунда балбандардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Кошуке уулу Каба саяк уурусунан чыккан балбан болгон. Эл оозунда “Кожомкул атасынын балбандыгын кайталай алган эмес, бирок Каба Кожомкулдан да карылуу болгону менен атак-даңк жагынан уулуна жеткен эмес” деп айтылып келет.

Кылымда бир жаралган кыргыз алпы күрөш, эр эңиш, эр сайыш, ордо сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарында мыктылыгын көрсөткөн. Ошондой эле саяпкерлик, мүнүшкөрлүк кылганды жана комузда кол ойнотконду жактырган. Кожомкул балбан өзгөчө өнөрлөргө бай болгону менен элдин эсинде калган. Мисалы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын жонуна көтөрүп өткөн. Ошондой эле салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамырдын Арамза деген төрүндө бийиктиги 1 метр 60 сантиметр, туурасы 1 метр 89 сантиметр ташты көтөрүп, жерге күч менен уруп киргизген. Салмагы 680 килограмм бул ташты эл "Кожомкулдун ташы" деп билет.

Далысы жерге тийбеген Кожомкул балбандын бою – 236 сантиметр, 47 жашында салмагы – 164 килограмм болгон. Бут кийиминин өлчөмү – 52, колунун баш бармагынын калыңдыгы – 4 сантиметр, алаканынын узундугу – 26 сантиметр.

Балбан Каба уулу Кожомкул 1955-жылы 67 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ал эми 1989-жылы өзү туулуп-өскөн айылга анын ысымы ыйгарылган. Дал ушул айылда Кожомкул балбандын музейи жайгашкан. SUPER.KG порталынын кабарчысы аталган музейге барып, абалы менен таанышып келди.

Алп балбан Кожомкулдун музейи 1989-жылы анын 100 жылдык мааракесине арналып, Кожомкул айылында уюштурулган. Музейдин имараты мурунку 8-Март колхозунун комсомол уюмунун жана колхоз башкармасынын төрагасынын демилгеси менен курулган.

Музейде балбандын кийимдери, колдонгон буюмдары, курал-жарактары, сүрөттөрү, документтик көчүрмөлөр жана белекке берилген ат жыбдыктар бар. Ошондой эле музей алдына анын көтөргөн таштары жайгаштырылган.

Учурда бул музей оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат. Балбандын музейи акыркы жолу 2019-жылы 130 жылдыгында оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул тууралуу жыл сайын жаз алды менен музейди оңдоп-түзөө боюнча демилге көтөргөн Кожомкул балбандын небере келини Бактыгүл айым билдирди.

“Бул музей өзү 1989-жылы атабыздын (ред. Каба уулу Кожомкулдун) 100 жылдык мааракесине арналып курулган. Акыркы жолу 2019-жылы оңдолгон. Ошол жылы өткөн 130 жылдык маараке салтанатка келген мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да “оңдоп-түзөйбүз, акча бөлүп беребиз” деди эле. Бирок андан бери эч кандай аракет болгон жок. Бир жолу сапаттуу ремонт жасап койбосо жылдан жылга абалы начарлап бара жатат", - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, музейге туристтер чанда гана келишет.

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов менен байланышканыбызда ал учурда музейге тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын айтты.

“Азыркы тапта музейдин документтерин бүтүрүп, айыл өкмөттүн балансына киргизели деп жатабыз. Бул ишке ашса эле оңдоп-түзөөгө каражат бөлүнүп берилет. Ошондой эле музейди иштетип, тейлегендерге да атайын акы берсекпи деп жатабыз”, - деди ал.

Кожомкул балбан 1924-жылы Тыйта уулу Чаргынбай деген досуна ушул күмбөздү салдырып, салмагы 690 килограммдык ташты көтөрүп, алып келип койгон. Балбан дал ушул күмбөзгө беш манжасын басып, из калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Чымчыкбек
2023-01-10 18:51:00
Автор азамат экен. Эрикпей суук жерге барып, колу-бутун үшүйт дебей. Алгалай бергиле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан