Түркмөнстанда күйөөсү жок аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүгө тыюу салынды

Түркмөнстандын Мамлекеттик автоинспекциясы аялдарга унаа айдоо укугун берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине нике күбөлүгүн киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, аялдар нике күбөлүгүнөн тышкары үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат, иштеген жеринен маалымкат, ошондой эле стандарттуу документтердин пакетин – паспортту, медициналык маалымкатты жана башкаларды бериши керек.

Дагы бир бейрасмий шарт – унаа айдайм деген аялдын жашы 40тан ашкан болушу керек. Ошол эле учурда унаа анын атына катталышы керек.

Аялдарга ишеним кат аркылуу унаа айдоого болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан