Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөнүүчү бааны көтөрүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңеши коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, мэрия төмөнкүдөй тарифтерди сунуштоодо:
- калк үчүн бир адамга айына 41 сом (азыр 22,5 сом);
- менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - 1 куб метрине 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом (КНСсиз) (азыр куб метри 225 сом);
- менчигинин түрүнө карабастан, катуу калдыктарды өз алдынча ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1 тоннасына 445 сом (КНСсиз).
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде азыркы тариф 2016-жылы киргизилгени жана акыркы жылдары материалдык-техникалык ресурстарга (күйүүчү-майлоочу май, запастык тетиктер, материалдар, коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жана башка товарлар) баалар олуттуу өскөндүгү айтылат. Мындан улам колдонуудагы тарифтер "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигону" ишканаларынын чыгымдарын актабай жатканы белгиленген.
Ага ылайык, "Тазалык" ишканасы 2020-жылы 37 миллион 535 миң сом, 2021-жылга 45 миллион 185 миң сомду чыгым тарткан. Ал эми "Бишкек санитардык полигону" 2020-жылы 1 миллион 795 миң сом, 2021-жылы 743 миң сом чыгашага учураган.