“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы директор болуп Рамиз Алиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Рамиз Алиев “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.