Бишкек шаарындагы троллейбустардын кыймылын эми "Менин шаарым" тиркемесинде байкоого болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн троллейбустардын кыймылы "Менин шаарым" тиркемесинде жайгаштырылды.
Аталган тиркемеде троллейбустардын каттамдары, акыркы аялдамалары көрсөтүлөт жана керектүү троллейбус каттамынын келе жатканын көрсө болот.
Тиркеме шилтемеде.