ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун II туру башталды

Бүгүн, 9-январда жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун II туру башталды.

Анда абитуриенттер онлайн маалымат системасына катталгандан кийин ЖОЖду, багытты тандап, ЖРТнын электрондук талонун 11-январь саат 14:00гө чейин тапшырышы зарыл.

Эскерте кетсек, кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 12-январь күнү саат 9:00дөн 14-январь күнү саат 16:00гө чейин системада тандалган ЖОЖдо окууга болгон каалоосун тастыкташы керек. Эгерде абитуриент ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктады.

Жалпысынан 40 университет 37 миң 567 абитуриентти кабыл алууну мерчемдеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан