Бажы кызматы 74,3 миллиард сом чогултуп, планды 100,8 пайызга аткарды

2022-жылдын январь-декабрь айларында Бажы кызматы тарабынан 74,3 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

"Белгиленген план 100,8 пайызга аткарылган же 604,8 миллион сомго көп чогултулган. 2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 миллиард сомду түзгөн. Тагыраак айтканда, ушул жылы 12 айда 27,4 миллиард сомго көбүрөөк чогултулган, ал эми өсүү темпи 158,5 пайызды түзгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда, анда бажы кызматы тарабынан 40 миллиард сомго көп берилген. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,5 миллиард сомго көп. Ошондой эле 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 миллиард сомго көп экени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан