Ноокатта мечиттерде уурулук жасап жүргөн 27 жаштагы жаран кармалды

Ноокат районунда мечиттерден акча уурдаганга шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын 11-декабрынан 12-декабрына караган түнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан “Жийде” борбордук мечитиндеги темир кутучада турган 46 000 сом акчаны белгисиз атуулдар уурдап кетишкендиги тууралуу кабар беришкен.

Жогорудагы маалымат каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын негизинде Баткен облусунун тургуну 27 жаштагы К уулу Б. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Анын Ноокат районунун аймагында жайгашкан бир канча мечиттерде уурулук жасаганы аныкталган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан