Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте "Нур Кубат" долбоорун ишке ашырат

Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте "Нур Кубат" долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар менен жолугушууда билдирди.

"Жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында "Нур Кубат" долбоору пилоттук режимде ишке ашырылып баштады. Анын алкагында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алган Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган үй-бүлөлөргө кубаттуулугу 5 тен 10 киловатт/саат күн батареялары акысыз берилет. Ошол эле учурда күн батареялары иштеп чыккан бардык электр энергиясы жөлөк пул алуучулар тарабынан колдонулат, ал эми ашыкчасы мамлекет тарабынан сатылып алынат", - деди министр.

Маалымдалгандай, эгерде пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, анда ал республика боюнча жүзөгө ашырылып баштайт.

Азыркы учурда жалпы "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын саны республика боюнча 106,7 миң үй-бүлөнү түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан