"Кудайдан улуу же артык боло албайсың!". Камчыбек Ташиев социалдык тармакка билдирүү жарыялады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы жеке баракчасында кечиримдүүлүк тууралуу билдирүүсү жарыяланды. Анын билдирүүсү орус тилинде жазылган.

"Биз көпчүлүктү, дээрлик баарын кечиришибиз керек. Биз да башкаларга окшоп жөнөкөй адамдарбыз. Эмнеге кечирбейсиң, сен эмне Кудайдан да бийиксиңби? Кудай кечирет, а сен кечирбейсиң, сен кимсиң? Сен 8 миллиарддын катарындагы адамсың. Сен Кудайдан улуу же артык боло албайсың! Биз эл катарында карапайым адам катары калабыз жана жок болобуз...", деп жазган.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары анын билдирүүсүнүн астына түрдүү пикирлерди калтырып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан