Сауд Арабиянын ажылык министрлиги Кыргызстанга быйыл 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу 9-январда муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, муфтий Замир кары Ракиев Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары Кыргызстан өткөн жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, быйылкы жылы дагы бардык талаптар аткарылат деген тилектештигин айткан.