Окуучулар жазгы каникулга качан чыгары белгилүү болду

Кыргызстанда окуучулардын жазгы каникулу 22-мартта башталып, 26-мартка чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.

Кабарга ылайык, жазгы каникул 5 күнгө созулат, ал эми сабактар 27-мартта башталат.

Белгилей кетсек, кышкы каникул 30-декабрда башталган. Жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу окуучулардын эс алуусу 15-январга чейин узартылган болчу. Мындан улам сабактар 16-январда башталат.

"Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөт.

Ал эми кесиптик лицейлер билим берүүсүн окутуунун онлайн форматында жүргүзөт", - деп жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Республика боюнча жалпы 2333 мектеп бар. Анда 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан