Кыргызстанда 2022-жылдын 30-декабрында фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.
Буйрукка ылайык, 1-январдан тартып бардык маданий иш-чараларда вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылууга тийиш болчу.
"Министрликке караштуу мамлекеттик бардык маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепкана) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын", - деп жазылган буйрукта.
Коомчулукта аталган буйрук көпчүлүктүн колдоосуна ээ болсо, сындап чыккандар дагы четтен чыкты. Алар маданий мекемелериндеги аппаратураларды талапка жооп бербегендигин жүйө келтиришти. Мындан улам маданият өкүлдөрүнө аталган буйрук боюнча пикирлерин сурап, фонограммасыз ырдоого маданият мекемелеринде шарттар талапка жооп береби деген суроо менен кайрылдык.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев аталган буйрукту колдоого аларын билдирип, маданият өкүлдөрү кандай гана шартта болбосун аракетте болуу зарылдыгын кеп кылды.
"Шарттар түзүлбөсө дагы ар бир ырчынын өзүнүн абийири болушу керек. Берген концерттерде фонограммасы жок ырдап. Эми бардык нерсени шарт жок дей бере турган болсок шылтоо көп. Андыктан жоктон бар кылып, бардык нерсени жасаса болот. Акырын аракет кыла бериш зарыл. Менимче, муну талкуулаштын деле кажети жок. Мындай, тигиндей, аппарат жок дебей эле көпчүлүк адамдар унчукпай эле иштерди жасап жатышат.
Болгону бардык маданий мекемелерде шарттар түзүлүп, клубдарды кышында жылуулап, жаңы аппаратуралар алына турган болсо абдан жакшы болмок. Биздин болгон талап аппаратураларды жаңыртып, эл ырахат ала тургандай болуп, аткарган адам өзү ошол ыр дүйнөдө жашап, угуп жаткан адамга дагы жагымдуу болсун. Бул боюнча дагы ар кандай пикирлер айтылып жатпайбы. Ар бир адамдын өзүнүн абийиринде бул. Кандай кылып концерт коёт, ырдайт", - дейт Бейшекеев.
Ошол эле маалда Эл артисти гастролго көп чыгарын, маданият мекемелеринде түзүлгөн шарттар жакшыртылып, жаңы аппаратуралар алынса деген оюн ортого салды.
"Гастролго чыкканда ошол жердеги элге өзүбүздүн аппаратураларды алып барып жандуу ырдап, жагымдуу болуп жатканын ырдап жаткан адам сезиши керек. Мисалы, өлкө аймактарындагы маданият үйлөрүнө, клубдарга барып концерт коё турган болсок көпчүлүгүндө аппараттар талапка жооп бербейт. Фонограмма менен ырдаганга жооп бербей турган аппараттар бар. Андыктан өзүбүз алып барабыз, буга эки эсе көп каражат кетет. Ага байланыштуу билеттердин баасын көтөргөнгө туура келет. Анда элдин чөнтөгүнө күч келет экен. Элге, өзүбүзгө жагымдуу рычагдарды чыгарууга аракет кылып жатабыз.
Маданият министрлиги эл үчүн, ырчылар үчүн шарт түзүп, бардык аймактардагы маданият үйлөрүнө талапка жооп бере турган аппаратураларды алып бериши зарыл.
Маданиятты көтөрүү ал чөйрөдөгү кызматкерлердин гана маянасын көтөрүү эмес, аларга бардык шарттарды түзүү керек", - деген пикирин билдирди ырчы.
Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев аталган буйрукту колдоого аларын айтты.
"Буга көз карашым туура эле. Бирок бул мыйзамда кичине пункттар болушу керек эле. Телевидение баары бир жандуу үн менен тарта албайт, фонограмма менен тартышат. Бул жагын да карап коюшса болмок. Ал эми башка жагынан караганда туура эле", - деди ал.
Өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев фонограмманы токтотуу үчүн алгач ошого жараша шарт түзүлүп берилиши керек деп эсептейт.
"Фонограмма менен ырдабаган өзү жакшы. Менимче фонограммага караганда жандуу ырдаган жеңилирээк. Фонограмма менен ырдап жатканда ырды үстүнөн басып ырдайсың, мындайда үнүңдү оңдоп ырдашың керек. Себеби фонограммадагы үн таза болот, кичине эле туура эмес тон кетсе билинип калат. Мындан сырткары маданий жайдагы техникалык жактан мүчүлүштүктөр да болуп калышы мүмкүн. Ал эми жандуу ырдаган жеңилирээк. Элдин сый-урматына да татыйсың. Андыктан бул мыйзамды колдойм.
Ырчылык – бул менин кесибим. Бул үчүн 9 жыл билим алып, ошо күндөн бери иштеп келе жатам. Кыскасы менде коркунуч деле жок, мен үчүн бул көйгөй деле эмес. Мунун мага жаккан жери – элдин талап кылып жатканында. Бирок бул мыйзам ишке ашабы деген суроо жаралат. Себеби буга чейин деле коомчулукта талкууланып келген. Жаңы министр келгенде эле ушу буйрукту чыгара беришет. Буга канча жылдан бери күбө болуп келе жатабыз. Ошондой эле фонограмманы токтотуу үчүн алгач ошого жараша шарт түзүлүп берилиши керек. Азыр ырчылардын баары эле сапаттуу аппарат коюп бергиле деген талапты коюшат. Мисалы, эч нерсеси жок аңгыраган залдарда жандуу ырдоонун кажети деле жок. Атүгүл, ырдабай деле коюш керек. Мейли, улуттук филармонияда шарт түзүлдү дейли. Бирок региондорго концерт коёюн деп барсаң өзүңдүн аппаратураңды алып барууга туура келет. Аппаратура алайын десең анын акчасы асман чапчыйт, концертиңден түшкөн каражат деле аны актабай калат", -мдеди ал.
Ал эми ырчы Алмаз Шаадаев фонограмманы ооздуктай турган бул буйрукка көз карашы түз экенин билдирип, жандуу үн менен ырдоодон коркпой тургандыгын айтты.
"Көпчүлүк фонограмма десе эле башкача түшүнүп алып жатышпайбы. Мисалы, биз студияга барып ырларыбызды жаздырып жатпайлыкпы. Аны Пушкин келип ырдап бербейт да, өзүбүз ырдын характеристикасын таап, ыр менен жуурулуп, өзүбүз ырдайбыз да. Эгер үнүң жок болуп, ырдай албасаң компьютер менен миң жолу оңдолуп-түзөлгөн ыр билинет, жакшы окшошпой калат. Негизи эл өзү жүрөгүнө жаккан ырды тандап, иргеп алат, кандай ырды угарын эл өзү билет.
Албетте, мыйзамга эч убакта каршы болбойбуз, ырчылар бир кемедебиз. Мен кээ бир ырчыларга окшоп чыккынчылык кылгым келбейт. Себеби кимдин ырлары хит болуп, элге жакшы өтсө, анда ал ырчы ырдайт. Ал өз үнү менен ырдоодон коркпойт. Мисалы, буга чейин деле ушундай мыйзамдар болгон. Анда деле талаптагыдай техникалык каражаттар жок жерлерде ырдап жүргөнбүз. Андыктан эл, мамлекет фонограммасыз ырдаганды талап кылып жатса бул мыйзамга баарыбыз баш ийебиз. Биздин сүйгөн жумуш ушул болгондон кийин эч кандай коркунуч жок. Ырчылар жакшы ырдаганы үчүн элдин оозуна алынып, элдин адамы болуп жүрүшөт. Андыктан мындай нерселерди глобалдуу көйгөй катары деле кабыл албайбыз, ырчылар үчүн бул оңой эле нерсе", - дейт ырчы.
Ал эми бир топ ырчылардын продюсер-менеджери Назира Бактыбекова да фонограмманы тыюуну колдоорун айтты.
"Фонограммасыз ырдоону колдойм. Буга чейин деле мындай мыйзамдар кабыл алынып келген, ошого жараша иштеп эле жүрөбүз. Ырчылар жандуу үн менен ырдагандан качпайт деген ойдомун. Маданий жайларда жандуу үн менен ырдап жүрөбүз, мамлекеттик иш-чараларга ырдаганы барганда аппаратуралары талапка жооп берет. Ал эми кээ бир жерге гостролдоп барганда техникасы начар болуп чыгат", - деди ал.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын көркөм жетекчиси, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Болот Тентимышовдун белгилешинче, министрликтин бул буйругу чыкканга чейин эле аталган жайда жандуу үн менен ырдоо ишке аша баштаган.
"Бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлде чыгармачыл бир иштерди жасоо үчүн талапка жооп берүүчү заманбап аспап, техникалар болушу керек. Улуттук филармонияда бардык шарттар бар, заманбап техника менен жабдылган. Мисалы симфониялык оркестрде эле 60тан ашык аспаптар менен ойнолот. Ошонун баарынын үнүн чыгарып, элге мукамдуу кылып жеткирип бергенге толук мүмкүнчүлүк бар.
Филармонияда фонограммасыз ырдоо кечээ күнү же мурдагы жылы эмес, көп жылдан бери эле ишке аша баштаган. Муну министрликтин токтом менен бекемдеп койгондугу коомчулукка жаңылык болду көрүнөт. Мына, жаңы жыл алдында болуп өткөн концерттерде ырчылар жандуу үн менен ырдашты, көрүүчүлөр ырахаттанып отурду. Буйрук чыккандан кийин талапты аткаргандар бар. Мисалы, жакында эле “Биз” тобунун концерти фонограммасыз өттү. Эгерде концерт берем дегендер тиешелүү талаптарды аткарышпаса, анда аларга сахна берилбейт. Бүгүнкү күндө “жандуу үн” деген сөз кулактын кужурун алып бүттү. Балким, кыргызча башкача формулировкасын тапсак болот эле. Негизи фонограмма деген сөз чектелүүгө алып келет. Жеке эле аткаруучуга эмес техникалык жабдууну да чектейт".