Японияда куш тумоосунун жаңы толкуну пайда болду

Япониянын Миядзаки префектурасында куш тумоосунун жаңы очогу катталып, 100 миңдей тоок жок кылына баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн айыл чарба министрлигинин маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазышууда.

Бул оорудан бир күн мурун Каваминами шаарындагы жумуртка фермасынын кызматкерлери өлүп жаткан тоокторду тапкандан кийин тумоо каптаганы боюнча шектенип башташкан. Генетикалык анализ канаттуулар тумоосунун жогорку патогендүү штаммынын бар экендигин тастыктады.

Оорунун очогу табылган чарбанын айланасынан үч чакырым радиуста тоок жана жумурткаларды ташуу үчүн карантин киргизилип, тоок менен жумурткаларды 10 чакырымдык зонадан сыртка алып чыгууга да тыюу салынды.

Эксперттер илдеттин пайда болушун сентябрдын соңундагы адаттагыдан эртерээк болгон келгин куштардын сапарына, андан улам ар кыл аймактарга вирустун тарашы менен байланыштырган. Канаттуулар ылаңы Японияда акыркы 29 жылда жумуртканын баасынын өтө көтөрүлүп кетишине бирден-бир себеп болду.
Ведомствонун билдиргенине караганда, Японияда бул сезондо жогорудагы себептен улам жок кылынган куштардын саны 10 миллионду чапчыган. Өткөн сезондо куш тумоосу үй канаттуулар тармагынын өндүрүшүнө ири зыян келтирген. Анткени 2020-жылдын ноябрынан тарта 2021-жылдын мартына чейин 9,87 миллион тоокту жок кылышкан. Себеби 18 префектурада 52 ирет аталган илдет чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан