Бишкек шаарындагы №7 троллейбус каттамынын кыймылы өзгөртүлдү.
Мэриядан билдиргендей, каттам Асаналиев көчөсүндөгү Красная көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу өзгөргөн.
Убактылуу каттамдын акыркы аялдамасы Тунгуч кичи району жана Эт комбинаты болот. Оңдоо иштери аяктаганга чейин троллейбус Ак-Өргө конушуна каттабайт.
"Калаа бийлиги ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршрутту пландаштырууну суранат" деп жазылат маалыматта.